«Бардык жактан эркиндик». Курьер кыймылдагы жашоо тууралууЭми музыкалык мектептердин директорлору ачык сынак аркылуу дайындалатКР макулатураны сыртка ташып чыгууга чектөөлөрдү дагы жарым жылга узартууну көздөшүүдөУлуттук банк «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгардыУКМК: Жалал-Абадда дары-дармектер аткезчилик менен ташылып келип, сатылып жатканОш шаарына эки заманбап асма жол куруу пландалууда
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө
22.07.2022 | 09:24
Чүй районунда каналга түшүп кеткен 16 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-июль күнү Шамшы айылында Чоң Чүй каналына 2006-жылы туулган А.Ч. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу иш-чаралар убактылуу токтотулган.
Издөө иштери 22-июль күнү улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом