Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы кыз изделип жатат
16.02.2024 | 19:01
Чоң Чүй каналына түшүп кетти делген 18 жаштагы Ж.кызы А. изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды.
Буга кошумча анын жакындарынан 15 киши, ИИМдин 10 кызматкери куткаруу иштерине чыгышты. Жалпы 35 адам аталган жаранды издешүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ Кант шаарынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, издөө иштерине 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана 4 тууганы чыккан. Издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар