Өзгөндө TikTok’тун активдүү колдонуучусу кармалды

Өзгөндө TikTok’тун активдүү колдонуучусу кармалды

Өзгөн районунда экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, TikTok социалдык түйүнүнүн активдүү колдонуучусу фейк аккаунту аркылуу экстремисттик уюмдарга тийиштүү болгон материалдарды таратып жаткандыгы тууралуу маалымат катталган.

Чогултулган материалдарга  тийиштүү экспертиза дайындалып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Джамаат Таухид-ва Джихад” террористтик экстремисттик уюмуна таандык экендиги боюнча корутунуду чыккан.

Жогорудагылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары  Өзгөн районунун 1990-жылы туулган Х.Б. аттуу тургуну  камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>