Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Чоң Чүй каналынын боюна темир тосмолор орнотулду
11.11.2022 | 22:33
Шаардыктардын коопсуздугу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан темир тосмолор жасалып, Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) боюна орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси менен ишкананын базасында тазалыктын жумушчулары темир тосмолорду жасашты.
ЧЧКнын түштүк тарабында Курманжан Датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узундугу 180 погон метрди түзгөн жаңы тосмолор орнотулду.

Даярдоо жана орнотуу иштерине ишкананын 7 кызматкери жана 1 бирдик атайын техника тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом