БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Чукул кабар: 14-15-июнда тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлүүдө
13.06.2025 | 16:31
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 14-15-июнь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.
ӨКМ жарандарды бул күндөрү тоолуу аймактарда, дарыя жээктеринде эс алуудан алыс болууга чакырды. Ошондой эле кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда токтоосуз 112 кызматына билдирүүнү суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом