Чуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктады

Милиция жапайы жаныбарга ок атылганы тартылган видео боюнча текшерүү жүргүзүп, ага тиешеси бар 4 жаранды аныктады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Фейсбук соцтармагында бир нече эркек киши унаанын ичинен жапайы жаныбарга ок атышканы тартылган видео жарыяланган. Териштирүү иштеринин натыйжасында, окуяга 25 жаштардагы Т.Ж. жана К.Т., 23 жаштагы М.А. ошондой эле 26 жаштагы К.Э. аттуу жарандардын тиешеси бар экендиги такталган.
Тергөөнүн маалыматында, 26-мартта аталган жарандар Чуңкурчак эс алуу зонасына барышкан. Ал жерде жапайы түлкү алардын тамак-ашын жей баштаган учурда, жарандардын бири пневматикалык куралдан түлкүнү көздөй ок чыгарган. Башка бир жаран окуяны видеого тартып, Фейсбук баракчасына жайгаштырган. Пневматикалык курал алардын таанышына таандык экени жана эс алуу учурунда бөтөлкөлөргө атуу үчүн алынганы аныкталган.
Милиция учурда соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери уланып жатканын билдирди. Анын жыйынтыгы менен жарандардын аракеттерине юридикалык баа берилери айтылды.