Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Чүйдө дан эгиндерин оруп-жыюу иши активдүү жүрүүдө
18.07.2025 | 19:38
Чүй районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кылкандуу дан эгиндери жалпысынан 9 миң 365 гектар жерге өстүрүлгөн. Бүгүнкү күндө анын 4 миң 272 гектары (45,62%) оруп-жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүүдө.
- Буудай 2 миң 377 гектар аянтка себилип, анын 350 гектары жыйналып бүттү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,1 центнер.
- Арпа 6 миң 988 гектар аянтка эгилген болсо, анын ичинен 3922 гектар жыйналды. түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүүдө.
Мындан тышкары, район аймагындагы 20 гектар аянтка арпанын эки сорту: «Бакула» жана «Маргарит» сорттору эгилген. Анын ичинен 7,5 гектар жерге «Бакула», калган 12,5 гектарына «Маргарит» сорту себилген. Учурда бул аянттардан түшүм жыйноо иштери да жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: дан эгиндери, Чүй