Билим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФ SMART ED долбоору боюнча билим берүүнү өнүктүрүү планын бекитиштиОштун Жибек-Жолу аймагындагы эски мектептер жаңыланып, маданият үйү жана спорт зал курулатКытай жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимден улам айдоочулар жумушсуз калышы мүмкүнАдылбек Касымалиев Euronews башчысы менен жолугушту — эмнелер талкууландыАктивист «Кыргызнефтегаз» ишинде аты аталган компаниялардын миллиондогон кирешелери тууралуу айтып бердиЖогорку Кеңеште Бишкек мэриясынан ысык сууну өчүрүүнү жылдырууну суранышты
Чүйдүн үч шаарындагы мектептерде бомба изделди
25.09.2025 | 16:49

Укук коргоо кызматкерлери Чүй облусунун үч шаарындагы мектептерде бомба издешти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 24-сентябрда, болжол менен саат 12:44тө Чүй облустук милициясына №5 мектепте бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул номурдагы мектептер облустун үч шаарында болгондуктан, Токмок, Кант жана Кара-Балта шаарларынын мектептери текшерилген.
Милициядан билдиришкендей, билдирүү чындыкка дал келбегени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар