Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Быйыл Акыйкатчы институтуна кыйноолор боюнча 39 арыз түшкөн
25.09.2025 | 16:45

2025-жылдын сегиз айында Акыйкатчы институтуна кыйноолор боюнча 39 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, институт кыйноолордун жана ырайымсыз мамилелердин алдын алуу багытында өз ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып барып келет. Акыйкатчы мыйзамга ылайык, кармалгандар, алдын ала камак жайлары, соттолгондор жазасын өтөөчү жайлар, мажбурлап дарылоочу мекемелер жана психиатриялык ооруканаларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
2024-жылы мекеме ЖАК, ИИМ жана УКМКнын жабык жайларына 258 жолу мониторинг жүргүзгөн. Ошол жылы түшкөн арыздардын негизинде укук коргоо органдарына 36 Көңүл буруу актысы жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.