Кыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылдыМАГАТЭ: Иранда ядролук бомба жасалгандыгы тууралуу далилдер жок, бирок уранды байытуунун деңгээли кооптонууну жаратуудаЕАЭБ соту Кыргызстандын суроо-талабы боюнча мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу эрежелерин түшүндүрдүБишкектин борборунда унаа токтотуучу жайлар акылуу болушу мүмкүн: тарифтер саатына 50 сомго чейин жететКореялык ишкана Кыргызстанда 300 электр кубаттоочу станция орноштурат
Чүй: Айланма жол акы төлөнүүчү жолго айланат
22.04.2022 | 11:13
Чүйдүн айланма жолу акы төлөнүүчү жолго айланат. Бул туурасында Транспорт министринин орун басары Нурлан Кайынбаев Жогорку Кеңештеги “Ишеним” фракциясынын жыйынын учурунда билдирди.
Анын айтымында, Чүйдөгү калктуу конуштарды айланып өтүүчү жолдун 105 чакырымы акы төлөнүүчү жолго айланат. Бирок, ал ага чейин эл аралык стандартка жооп берген абалга келтиришет. Дордой базарынын тушу 6 тилке калганы 4 тилке жол болот. 150 миң доллардын тегерегинде реконструкцияланат. Ушул тапта инвестор изделип жатат.
Ошондой эле Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду акы төлөнүүчү жол кылууга пландаштырып, учурда изилденип жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика