Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Талас: Көк-Токой айылынан 13 жашар бала жоголуп кетти
22.04.2022 | 10:10
19-апрель күнү Талас районунун Көк-Токой айылынан 13 жашар бала жоголуп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 19-апрель күнү Талас районунун Көк-Токой айылынын тургуну 2009-ж.т. И. У. аттуу жаш бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 20-апрель күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 41 куткаруучу, 18 милиция кызматкер, туугандарынан 20 киши тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:00 чамасында убактылуу токтотулган. Саат 21:12 чамасында жогору аталган баланын атасы (Курманбаев И.) уюлдук телефон аркылуу чалып, баласы аман-эсен табылгандыгы тууралуу маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар