Аламүдүн районунун Кырман айылынын 24 жаштагы тургуну бычакталды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жабырлануучу 25-декабрда аймактык ооруканага жеткирилген.
Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Ж.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.