Чүй: 5 млн. 480 миң сомдук малды алдап кетти

Чүй: 5 млн. 480 миң сомдук малды алдап кетти

Чүй облусунда ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектүү кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-декабрь күнү Аламүдүн райондук милицияга Чүй облусунун 37 жаштагы жашоочусу Б.Э. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 11-апрелинде О.Б. аттуу жаран Москва районундагы сарайлардында биринде мал багып сатып ишкерлик кылган адам катары өзүн тааныштырып, арыздануучунун 38 баш бодо малын 3 млн. 900 миң сомдон ашык каражатка баалап, акчасын кийин берүүгө убада кылып, малдарды алып кеткен боюнча ушул күнгө чейин из жашырып жүргөнүн билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагый дагы эки факты аныкталып, жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан. Анда эки жаран жалпы 5 млн. 480 миң сомдон ашуун акчага малдарын баалашып О.Б. аттуу жаранга беришип, ошол боюнча дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.

Атайын ыкчам издөөнүн натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 44 жаштагы О.Б. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин Аламүдүн райондук соту тарабынан 1 айга тергөө абагына камакка алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>