Президенттик аппарат “Ысык-Көл” мейманканасынын айланасындагы кептерге жооп берди

Президенттик аппарат “Ысык-Көл” мейманканасынын айланасындагы кептерге жооп берди

«Ысык-Көл» мейманканасы 1984-жылы курулган жана 2007-жылдан тартып колдонулбай калган. Ал кезде толук реконструкция талап кылынган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкция кылуу максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен, анын ичинде чет элдик дагы, сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал билдирүүдө, ири мейманкана түйүндөрүнө дагы инвестициялоо сунушталган.
Бирок эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген.

Мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгынын имараттары өткөн кылымдын 50-жылдарында курулуп, дайыма оңдоо жана реконструкцияны талап кылат.

Анын үстүнө Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары мамлекеттик маанидеги бир дагы административдик имарат курулган эмес.

Каражаттарды рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда.

Бузуу иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Курулуш иштерин президенттин жарлыгы менен жаңы түзүлгөн  президенттин иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзөт.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бир күн мурун аталган мейманкананын бузулуп жатканын сындаган кайрылуу жасаган. Ал имараттын бузулушун кытай инвесторлору катышкан долбоор менен байланыштырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>