Новопокровка айылында жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 10-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 17:57де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө жерине саат 14:46да ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылып, өрт саат 15:41де чектөөгө алынган. Тилсиз жоонун жалпы аянты 165 чарчы метрди түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз