Бишкекте 160 миң жоогазын отургузулду

Бишкекте 160 миң жоогазын отургузулду

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы 160 миң жоогазын отургузду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаанын гүлзарларына жоогазын гүлүн  отургузуу иштери башталды. Быйыл борбор калаанын гүлзарларында жалпысынан 160 миң даана жоогазын гүлдөрү отургузулду.

Жазында шаардыктар жоогазын гүлдөрүн  Жаштык аллеясынан, Эмен паркынан, Пушкин көчөсүндө Курмаржан Датка эстелигинин жанынан, А. Малдыбаев атындагы театрдын алдынан,  Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Жомок» скверинен көрө алышат.

Эске салсак, былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөн. Жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>