Садыр Жапаров Самаркандга барды

Садыр Жапаров Самаркандга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Өзбекстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конгон. Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында президент ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышат. Ошондой эле, ал жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>