Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) социалдык тармактарда тараган «ИИМдин офицери Максат Какчекеев Чүй облустук ГАИдеги кол алдындагы кызматкерлерден акча чогултууда» деген видео боюнча үн катты.
Reporter.kg’ге аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарга тараган тасма 2019-жылы тартылган эски видео. Ал видео тартылган учурда милициянын майору Максат Какчекеев Чүй ЖКККБнын 2-взводунун командири болуп турган.
«Бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, юридикалык баа берилген», — деп билдиришти башкармалыктан.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «ИИМдин офицери Максат Карчекеев Чүй облустук ГАИдеги кол алдындагы кызматкерлерден акча чогултууда» деген видео тараган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз