Кыргызстан менен Венгриянын президенттери жолукту — сүрөт

Кыргызстан менен Венгриянын президенттери жолукту — сүрөт

Бүгүн, 13-февралда, Будапешт шаарында Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, атчан гусарлардын коштоосунда мамлекет башчысынын кортежи Лайош Кошут аянтына келип, ал жактан аны Венгриянын президенти Каталин Новак тосуп алды.

Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин, аскердик оркестрдин аткаруусундагы «Ракоци маршынын» жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту.

Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү.

Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>