Түркия: Жаңы кеткен кыргыз куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин баштады

Түркия: Жаңы кеткен кыргыз куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин баштады

Бүгүн, 13-февраль күнү эртең менен жаңы барган  кыргызстандык 80 куткаруучу Түркиядагы зилзаладан ураган үйлөрдүн урандыларынан издөө-куткаруу иштерине тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы кыргызстандык 150гө жакын куткаруучу 5 объектиде иш алып барууда.

Белгилей кетсек кечээ 12-февраль күнү учуп барган куткаруучулар Түркиянын Газиантеп шаарына самолет менен Бишкек убактысы боюнча 22:00 чамасында конуп, андан ары Кахраманмараш шаарына транспорт менен жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун билдирүүсүндө куткаруучулар тарабынан 106 Түркия жаранынын сөөгү табылган. Ошондой эле 4 жаранды урандылардын арасынан тирүү куткарышкан.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык куткаруучулар үч адамды урандылардын алдынан аман-эсен куткарышкан.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 29 миң 605 киши каза таап, 147 миң 934 адам жараат алды.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин, анан кийин дагы 50 куткаруучуну жөнөткөн.

Түркиядагы зилзалдан кыргызтандык аял каза болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>