Чүйдө улгайган апасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Чүйдө улгайган апасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Москва районунда апасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-январда Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө киши колдуу болгон аялдын уулу — 1977-жылы туулган С.А.дан билдирүү түшкөн. Анын айтымында, 1952-жылы туулган апасы С.Т.нын жүрөгү токтоп каза болгон. Бул факт РИИБге катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Аялдын денесин кароо учурунда анын денесинде көптөгөн жаракаттар табылган.

Материалдардын негизинде тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жаран С.А. мас абалында апасынын денесине оор жаракат келтирип, жоопкерчиликтен качуу максатында энесинин денесиндеги жаракаттар жыгылып кетүүдөн улам пайда болгон деп калп айткан.  15-январь күнү кылмышка шектүү С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>