Акыйкатчы журналисттердин кармалышы боюнча прокуратура менен сотко кайрылды

Акыйкатчы журналисттердин кармалышы боюнча прокуратура менен сотко кайрылды

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.

Акыйкатчы 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде болгон тинтүү иштери, басылманын жетекчилигин суракка алуу боюнча комментарий берип, мындан тышкары башка басылмалардын кармалган журналисттери жөнүндө айтуу менен укук коргоо органдарына Кыргызстандын Конституциясына ылайык сөз эркиндиги жана өз пикирин ачык билдирүүдөгү жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө эскертти, анткени мындай аракеттер сөз эркиндигине тескери таасирин тийгизет.

Акыйкатчы институту өзүнүн мандатына ылайык журналисттердин укуктарын коргойт жана мамлекеттик органдарды массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Жарандардын өз пикирин эркин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндиги:

— Кыргызстандын Конституциясы (10, 32-беренелер);

— Адам укуктарынын жалпы декларациясы (19-берене);

— Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (19-берене);

—  “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамы  (4, 8-беренелер) менен кепилдендирилген.

Акыйкатчы укук коргоо жана сот органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда сөз эркиндигине жана маалыматка жетүүдө  Конституцияда белгиленген кепилдиктерди жетекчиликке алууга чакырат.

Джамиля Джаманбаева ошондой эле сот органдарын жана прокуратура органдарын журналисттерге карата укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган жана пландалып жаткан чаралардын мыйзамдуулугуна, өлчөмдөштүгү менен зарылдыгына укуктук баа берүү чакырыгы менен кайрылат.

Милиция 10 журналисттин үйүн тинтип, суракка алып кетти. ИИМ үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>