Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Раатбек Камилов аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Буга чейин кабарлангандай, милицияга Раатбек Камиловдун ата-энеси кайрылган. Алар уулу 29-апрелде кечинде Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, баласын табууга жардам сураган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция өспүрүм баланы бүгүн, 1-майда «Риом Авто» унаа базарынын аймагынан таап, ата-энесине өткөрүп берген.