Акыйкатчы институту №27 абакта соттолгондор үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди. ЖАМК мунун четке кактыӨзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келди
Чүйдө дайынсыз жоголгон Салайдин Атамкулов изделүүдө
22.12.2023 | 09:30
Чүйдүн Кемин районунда дайынсыз болуп жаткан 59 жаштагы Салайдин Атамкулов изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга аталган жарандын туугандары кайрылып, Салайдин Атамкулов 7-декабрда болжол менен саат 07:30да Жылтыр айылындагы сарайдан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Белгилери: бою 175-180 см, арык чырай, чачын ак баскан, көзү күрөң, каштары ак, мурду кырдач.
Кийген кийими: кара түстөгү топу, ичик, спорттук шым, бутуна көлөч кийген.
Милиция дайынсыз жоголгон Салайдин Атамкуловду көргөндөр болсо 0 (3135) 5-02-80, 0 (312) 61-68-41 (нөөмөт бөлүмү), 0 701 88-62-95 же 0550 46-06-56 номерине кабар берүүсүн суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом