Сот департаментине 47 кызматтык унаа тапшырылды

Сот департаментине 47 кызматтык унаа тапшырылды

Жогорку сотко караштуу Сот департаментине 47 унаа тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков катышкан.

Жапаров билдиргендей, 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражат 3 эсе өскөн. 2020-жылы бюджети 1,2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3,5 млрд сомду түзгөн.

«Биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн автоунаалар сатылып алынды. Бул автоунаалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алганыбызды белгилей кетейин. Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан сиздерди жаңы техникага ээ болушуңуздар менен куттуктайм. Сот системасы – жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон бийликтин өзүнчө бутагы. Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражат жылдан жылга көбөйүүдө. Соттук отурумдарга сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап технологиялар киргизилүүдө, санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана эсепке алуу системасы киргизилген. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү», – деди Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>