Бишкекте заманбап балдар оорукана имараты ишке берилдиКыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени өтүүдөКыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын тогуз айында 1,24 триллион сомго жетти«Таксист-маньяк»: Кумарбектин кылмыштарынын коркунучтуу хронологиясыМадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттүБишкектеги ЦУМдун жанындагы оңдоо иштери декабрдын башында аяктайт
Чүйдө досуна учурашканы кетип дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө
04.12.2024 | 12:43
Чүйдүн Кемин районунда жайлоого кетип дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, Тар-Суу айылынын 43 жаштагы тургуну (Ш.М.) 29-ноябрда Жалгыз-Тал жайлоосундагы сарайда турган досуна учурашканы кеткен. Кийинчерээк анын аты кайтып келип, бирок өзү жок болгон. Бул тууралуу милицияга 1-декабрда кабарланган. Эртеси күнү милиция дайынсыз жоголгон жаран тууралуу ӨКМге кабарлап, издөө иштери башталган.
Бүгүн, 4-декабрда издөө иштерине 4 куткаруучу, 50 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпы 94 киши чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом