МАГАТЭ: Иранда ядролук бомба жасалгандыгы тууралуу далилдер жок, бирок уранды байытуунун деңгээли кооптонууну жаратуудаЕАЭБ соту Кыргызстандын суроо-талабы боюнча мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу эрежелерин түшүндүрдүБишкектин борборунда унаа токтотуучу жайлар акылуу болушу мүмкүн: тарифтер саатына 50 сомго чейин жететКореялык ишкана Кыргызстанда 300 электр кубаттоочу станция орноштуратЕЭК жана КМШ евразиялык мейкиндиктеги транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты чыңдоодоЧүй облусу экономикалык лидерлик статусун бекемдеди: өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355 млрд сомго жетти
Чүйдө эки селсаяктын чыры бычакташуу менен аяктады
29.03.2023 | 10:45
Кант шаарында эки селсаяктын мас абалындагы жаңжалы биринин бычактан жаракат алышы менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Окуя 26-март күнү Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адам 35 жаштагы К.В. аттуу жаранга бычак сайган. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген. Бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон», – деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал 55 жаштагы селсаяк К.Ю экени аныкталган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом