Араб инвесторлору Жаңы-Арыкта заманбап мектеп курууда

Араб инвесторлору Жаңы-Арыкта заманбап мектеп курууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Дүйшөн мектеби” аттуу эки бөлмөлүү мектептин ордуна жаңы тогуз жылдык алты бөлмөлүү заманбап мектеп курулат.

 “Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов VI чакырылыштан бери байма-бай көтөрүп келет. Курулуш иштери Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы, анын төрагасы Саид Баюми жана араб инвесторлору тарабынан каржыланып жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эл өкүлү иш сапарынын алкагында Кызыл-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл айылындагы «Келечек» №87 мектебинин курулушу менен да таанышты. Аталган курулуш да Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген. Мектептин курулушу «Ассанабил» фонду аркылуу каржыланып салынууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>