Кыргызстандыктар «Түндүктөн» алардын маалыматтарын кимдер караганын көрө алышатКыргызстанда медицина кызматкерлери санариптик технологияларга окутулатБишкекте «Казак киносунун күндөрү» өтүүдөАйрым аймактарда өткүн өтөт: 29-сентябрга карата аба ырайынын божомолуСаясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдү
Чүйдө эки селсаяктын чыры бычакташуу менен аяктады
29.03.2023 | 10:45
Кант шаарында эки селсаяктын мас абалындагы жаңжалы биринин бычактан жаракат алышы менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Окуя 26-март күнү Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адам 35 жаштагы К.В. аттуу жаранга бычак сайган. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген. Бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон», – деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал 55 жаштагы селсаяк К.Ю экени аныкталган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом