Кыргызстандык жаа атуучулар Азия кубогунда 11 медаль утту

Кыргызстандык жаа атуучулар Азия кубогунда 11 медаль утту

Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чымкет шаарында (Казакстан) өткөн Азия кубогунда 11 медаль (6 алтын, 5 күмүш) жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш 19-22- март күндөрү өтүп, 13 мамлекеттен келген 153 спортчу катышты. Чемпионат алтай (кыргыз эрежеси), түрк жана казак эрежелери боюнча өттү.

Кыз-келиндер арасында Асел Садырова түрк эрежеси боюнча 1-орун, алтай стилинде 2-орунду ээледи. Ал эми Улан Араев түрк стилинде жана алтай стилинде 1-орунду камсыз кылды. Ынтымак Мурадил уулу түрк жана алтай стилинде 2-орунду ээлеген.

Түрк путасы боюнча Улан Араев 1-орун, Ынтымак Мурадил уулу 2-орун жана Асел Садырова 1-орунду ээлешти. Алтай путасы боюнча Улан Араев 1-орун жана Ынтымак Мурадил уулу 2-орунду камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, жаа атуу боюнча улуттук курама командасы командалык эсеп боюнча экинки орунду ээледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>