Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Чүйдө эки тааныштын чыры өлүм менен аяктады
16.12.2022 | 15:10
Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, күн мурун, 15-декабрда милицияга Аламүдүн районунун Лесхоз айылынын 44 жаштагы К.С. аттуу туругуну бычактан жаракат алып, каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факты Аламүдүн РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 36 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалып, ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам, бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жибергени аныкталган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал