Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет

Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет

Баткендеги чек ара айылдарында курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Аксай айыл аймагына барды. Иш сапардын алкагында ал аталган айыл аймактагы калыбына келтирүү ишинин жүрүшүнөн кабар алды. Тактап айтканда, курулушу жүрүп жаткан үйлөрдү көрүп чыккан.

«Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, чатырлары жабылса, айрымдарынын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жаңы жылга чейин үйлөрдүн бир бөлүгү колдонууга берилип баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл чек ара окуясында жабыркаган Ак-Сай айылындагы тоок фермасынан да кабар алды.

Облус башчысы жеке ишкерге тоок фермасын калыбына келтирүүдө жана ишкердикти өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоолор болуп жаткандыгын айтты.

Белгилей кетсек, Ак-Сай айылындагы жабыркаган тоок ферманын ээсинин «Айыл Банк» ААК тарабынан алынган 9 миллион 600 миң сом насыясы толугу менен жоюлду. Бул маселе министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун көзөмөлүнө алынып, кайрадан калыбына келтирүүгө да мамлекет тарабынан кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>