Өзбекстанга 140 миң сомдук мал айдап бараткан жаран кармалды

Өзбекстанга 140 миң сомдук мал айдап бараткан жаран кармалды

Бүгүн, 16-декабрда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу малды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Чанач-Сай участкасында  УКМКнын чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан кызматын өтөп жаткан учурда 1991-жылы туулган Кара-Дөбө айылынын тургуну Ж.О.у., кармалган. Ал 2 баш ири мүйүздүү малын Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бодо малдын баасы 140 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана ири мүйүздүү мал кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>