Чүйдүн Кемин районунда күн электр станциясынын курулушу башталды. Капсула салуу аземине өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, күн станциясын кытайлык инвестор салат. Анын кубаттуулугу 100 МВт болуп, жылына 155 млн кВт/саат электр энергиясын чыгарып турат.
Курулуш учурунда 500дөй жумуш орун түзүлөт.