Чүйдө тууганын атып өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Чүйдө тууганын атып өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

11-апрелде Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылынын тургуну тууганына чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, тууганы аны сабап, андан кийин атып салам деп коркутуп, андан соң үйүндөгү мүлкүн сындырган. Дагы бир жабырлануучу дагы аны ур-токмокко алды деп тууганын айыптады.

Бул окуя боюнча алдын ала тергөө иштери башталды.

Аламүдүн РИИБнин тергөө-ыкчам тобу жогоруда аталган үйдө арыз ээлери тууганы менен уруша кеткендигин аныкташкан. Андан соң экинчиси тапанчасын алып, жабырлануучуларды көздөй такап, ок чыгармакчы болгон, бирок ошол жерде отургандардын бири куралды алып кетүүгө үлгүргөн. Бирок ал киши токтобой, таш менен туугандарын сабап баштаган.

Текшерүү учурунда милиция кызматкерлери окуя болгон жерден 16-калибрдеги жылмакай аңчылык мылтыгын, гильзаларды жана кан болгон таш табышкан.

Буга байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери жана УКМКнын Чүй облусу боюнча кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1967-жылы туулган С.Б. экендиги аныкталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>