Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Чүйдө эки унааны айдап качкан шектүүлөр кармалды, бири өспүрүм
30.03.2023 | 12:51
Чүйдүн Аламүдүн районунда эки автоунааны уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-мартка караган түнү Лебединовака айылынын тургунунун үйүнүн алдында турган «Фольксваген Венто» унаасы уурдалган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1999-жылы туулган А.А. жана 2006-жыл туулган А.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милициядан белгилешкендей, эки шектүүнүн быйыл 6-мартта “ВАЗ-2106” унаасынын уурдалышына катыштыгы бар экени аныкталган.
Учурда иликтөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз