Нарында аз камсыз үй-бүлөлөр бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон алышты

Нарында аз камсыз үй-бүлөлөр бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон алышты

Нарын облусундагы Нарын районунда жана Нарын шаарында 29-мартта бизнес долбоорлору комиссия тарабынан жактырылган аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө 100 000 сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова катышты.

Шарапаткан Мажитова өз сөзүндө сертификат алган үй-бүлөлөргө бул социалдык жардам оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жардам беришин жана пландалган бизнес долбоорлору ийгиликтүү жүрүшүн каалады.

Ошондой эле эл өкүлү социалдык контракттын негизинде социалдык алуучуларга өзүнүн өмүр жана эмгек жолундагы ишкердик тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, аларга дем берип, каалоо-тилектерин айтты.

Белгилей кетсек, берилип жаткан жардамдын негизги максаты, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жaна аларды турмуштyк оор кырдаалдан чыгyу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик, мүлктүк потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылүү үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү процессине ишкерлерди тартyуга багытталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>