Кара-Сууда атырга ууланган окуучулардын абалы айтылды

Кара-Сууда атырга ууланган окуучулардын абалы айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 орто мектебинде атырдын жытына ууланган 6-класстын окуучуларынын абалы жакшы. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта, бардык окуучулар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн аларды үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлдү.

Консилиумдун жыйынтыгы боюнча 13 окуучу үйүнө чыгарылып, 5 окуучуну 2 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө калтыруу чечими кабыл алынды.

Кара-Сууда 43 окуучу ууланды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>