27-март күнү Жайыл районуна караштуу Бишкек — Ош унаа жолунун 65-чакырымында «Mazda 323» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен 2 адам күйүк алган, 35 жаштагы эркек киши жана 26 жаштагы аял киши.
Өрттү №22 өрткө каршы куткаруу бөлүмү саат 21:50 чектөөгө алып, толук 22:33 өчүрүштү.
Жабырган жарандар ооруканага жеткирилген, учурда алардын абалы канааттандырарлык.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.