Садыр Жапаров Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду«Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөө үчүн баланын жарандыгы тууралуу маалымкат талап кылынатТышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жаңыланган байланыш телефондорун жарыяладыКРСУнун эң масштабдуу бүтүрүү кечесине кантип катталса болот?Кол жүгү катары эмнелерди алууга болот: жүргүнчүлөр үчүн негизги эрежелерСлавян университети кантип жаралган: КРСУнун сүрөттөрдөгү тарыхы
Чүйдө унаа өрттөнүп, эки киши күйүк алды
28.03.2022 | 11:22
27-март күнү Жайыл районуна караштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 65-чакырымында «Mazda 323» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен 2 адам күйүк алган, 35 жаштагы эркек киши жана 26 жаштагы аял киши.
Өрттү №22 өрткө каршы куткаруу бөлүмү саат 21:50 чектөөгө алып, толук 22:33 өчүрүштү.
Жабырган жарандар ооруканага жеткирилген, учурда алардын абалы канааттандырарлык.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом