Чүйдө жасалма күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды
Жайыл районунда жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«12-ноябрь күнү инспекторлор тарабынан 33 жаштагы Э.М. башкарып бара жаткан унаа токтотулган. Ал көрсөткөн айдоочулук күбөлүктүн аныктыгы шек жараткан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду», – деп айтылат маалыматта.
Экспертиза күбөлүктүн жасалма экенин тастыктаган. Документ струйный принтерде басылган экен. Кылмышка шектүүгө айып тагылды. Учурда тергөө иштери уланууда.
[image_carousel source=”media: 168164,168162″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Телеграм каналыбызга катталыңыз