Министр Улан Ниязбеков элчи Алексей Рогов менен жолукту

Министр Улан Ниязбеков элчи Алексей Рогов менен жолукту

Ички иштер министрлигинде ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Роговдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкерлери катышып, ушул жылдагы кызматташуу маселелери менен жакынкы арадагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Улан Ниязбеков белгилегендей, милициянын калкка жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жаатында кызматташуунун мисалдарынын бири республиканын аймактарында милициянын көчмө кабылдамаларынын иштеши болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөдөгү коопсуздукту чыңдоо жана кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү максатында мындан ары да тыгыз жана жемиштүү кызматташууну улантышарын билдиришти. Жолугушуу иштиктүү жана достук маанайда өттү.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>