Чүйдө жасалма күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды

Чүйдө жасалма күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды

Жайыл районунда жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«12-ноябрь күнү инспекторлор тарабынан 33 жаштагы Э.М. башкарып бара жаткан унаа токтотулган. Ал көрсөткөн айдоочулук күбөлүктүн аныктыгы шек жараткан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Экспертиза күбөлүктүн жасалма экенин тастыктаган. Документ струйный принтерде басылган экен. Кылмышка шектүүгө айып тагылды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>