Таш-Рабат алып бара турган унаа жолуна асфальт төшөлүүдөБишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болдуКыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайыБишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти
ЖК: Атажанов тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болду
08.12.2022 | 08:50
Депутат Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, ага “Мекенчил” депутаттык тобундагы депутат Ырысбек Атажановдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында сунушталган талапкер тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом