Чыңгыз Айтматов тууралуу эл аралык эссе сынагы жарыяланды: мыкты иштер онлайн жарыяланат

11.11.2025 | 19:00

Казакстан элинин Ассамблеясы, Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилиги ТЮРКСОЙ жана Евразия чыгармачыл Гильдиясынын (Лондон) колдоосу менен «Чынгыз Айтматов. Доор. Адам. Гуманизм» аттуу эл аралык эссе сынагынын башталышын жарыялашты.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды изилдөө жана чыгармачылык ишмердүүлүккө тартуу, ошондой эле улуу кыргыз жазуучусу, ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун өмүрү менен мурасын тереңирээк тааныштыруу болуп саналат.

Сынакка мектеп окуучулары, колледждердин жана жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алышат. Эсселер 2025-жылдын 19-октябрынан 7-декабрына чейин aitmatovkonkurs2025@gmail.com электрондук дарегине кабыл алынат. Эссенин көлөмү — эки бетке чейин. Иштерди казак, кыргыз, орус, түрк же англис тилдеринде жазууга болот.

Ар бир тил боюнча жеңүүчүлөр Евразия чыгармачыл Гильдиясына мүчө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми эң мыкты он эмгектин авторлору диплом жана белектер менен сыйланышат. Бардык катышуучуларга сертификаттар ыйгарылат.

Сынактын жыйынтыгы 2025-жылдын 12-декабрында Алматы шаарында өтүүчү эл аралык конференцияда — «Чынгыз Айтматов. Доор. Адам. Гуманизм» — чыгарылат. Мыкты эсселер Казакстан элинин Ассамблеясынын, Кыргызстандын Элчилигинин жана Евразия чыгармачыл Гильдиясынын расмий сайттарына жарыяланат.

Оргкомитет бардык иштер плагиатка жана авторлук өзгөчөлүккө текшерилерин эскертет.

Scroll to Top