Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Салык кызматкерлери норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту
11.11.2025 | 19:31
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

Тактап айтканда, Ош шаарынын аэропортунда Россия Федерациясынан келген жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда тийиштүү коштомо документтери жок 451 даана (47 килограмм) норка териси табылган.
Бул боюнча мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Рубрики: Коом