Ак-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды
Чыңгыз Эсенгул уулу Маданият министрлигиндеги кызматынан бошотулду
04.03.2025 | 09:20
Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Эсенгул уулу 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын сентябрынан чейин маданият министринин орун басары кызматын аркалап, андан кийин министрдин биринчи орун басары болгон.
Анын ордуна маданият министринин биринчи орун басары болуп Союзбек Надырбеков дайындалды.
https://reporter.kg/soyuzbek-nadyrbekov-madaniyat-ministrinin-birinchi-orun-basary-boldu/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом