Бишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөт
Кыргызстанда бир жумада 369 мас айдоочу кармалды
04.03.2025 | 09:00
Кыргызстанда бир жумада 369 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, 24-февралдан 2-мартка чейин өлкөдө 23 миң 525 жол эреже бузуу аныкталып, 2 миң 901 унаа айып короого коюлган.
Бир ужамада аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 720;
- Мас айдоочулар – 369;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 110;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 413;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 493;
- Автоээнбаштык – 19;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 4 миң 225;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 7;
- Башка жол эреже бузуу фактылары – 11 миң 298.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом