CNN: Трамп Персия булуңун «Араб булуңу» деп өзгөртпөөнү чечти

CNN: Трамп Персия булуңун «Араб булуңу» деп өзгөртпөөнү чечти

АКШ президенти Дональд Трамп Персия булуңун «Араб булуңу» же «Аравия булуңу» (The Arabian Gulf же The Gulf of Arabia) деп өзгөртүү ниетинен бир нече күн өткөндөн кийин баш тартты. Бул тууралуу CNN телеканалы өздүк булагына таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  Трамптын мындай чечимине Ирандын мындай кадамга каршы чыкканы себеп болгон.

Буга чейин Associated Press агенттиги Дональд Трамп Сауд Аравиясына болгон сапары маалында АКШ мындан ары Персия булуңун «Араб булуңу» деп атоого ниеттенип жатканын кабарлаган.

Араб өлкөлөрү булуңду узак убакыттан бери «Араб булуңу» деп атоону талап кылып келишет. Пентагон да өзүнүн расмий документтеринде жана карталарында бул аталышты колдонуп келет. 2017-жылы Дональд Трамп бул терминди ачык колдонгондо, Ирандын ошол кездеги президенти Хасан Рухани ага «географияны үйрөнүүнү» кеңеш кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>