Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
COVID-19: Дагы беш адам каза болду
05.12.2020 | 11:42
Соңку бир сутка ичинде дагы 5 адам коронавирус илдетинен каза болду. Республикалык штабдын маалыматына караганда, адам өмүрүн алган учурлардын баары Бишкек шаарында катталган.
Республикалык штаб шондой эле, соңку суткада 401 адамдын анализинен коронавирус аныкталганын билдирди. Илдет жуктуруп алгандардын көбү Чүй облусунда катталган, 133 учур. Ал эми бир сутка ичинде 425 адам коронавирустан айыгып чыккан.
18-марттан 5-декабрга чейин өлкөдө жалпы 74 774 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 66 538 киши ооруну жеңип чыккан. Илдеттен улам 1290 адам өмүр менен кош айтышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом